Фермердик топтор кун нуру менен как кургатуучу жабдуулар менен камсыз болушту

Автор: ariana. бөлүм Жаңылыктар

«АВЕП» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келген «КАРАГАТ+» программасы алкагында Ысык-Кол облусунун 20 айылында тузулгон фермердик топторго как кургатуучу жабдуулар тапшырылды.

2014-2016-жылдары 9 айылдын фермердик топтору электр тогу менен иштеген как кургатуучу жабдуулар менен камсыз болушуп, жерге тушкон жана дун сатып алуучулар тандап алгандан калган момо-жемиштерди кургатып, уй-булосунон ашканын сатып, уй-булолук бюджетке кошумча каражат таап, ийгиликтуу натыйжа корсотушту.
Ошонун негизинде, АВЕП коомдук фонду Финляндиянын Астанадагы Элчилигинин каржылоосу менен АМЭТиС коомдук бирикмесине кун нуру менен как кургатуучу коллектордук жабдууну буюрутманын негизинде даярдатып, фермерлерге дагы бир киреше булагын ачып берди.
Жабдууларды тапшыруу аземине Финляндиянын Астанадагы Элчилигинин кулу Катя Карппинер, Райондук администрациядан, Айыл Окмоттордон, фермердик топтун лидерлери жана долбоордун оноктоштору катышышты.

IMG 20180712 WA0014

IMG 20180712 WA0015

IMG 20180712 WA0018