Күнөскана компоненти

Автор: Super User. бөлүм Компоненттер

Ысык-Көл областынын жери минералдык заттарга бай, ошондой эле бул аймакта бир топ жер-жемиштерди өстүрүүгө болот. Бирок тилеке каршы кыш жана эрте жаз мезгилдеринде жер-жемиштерди өстүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой келген. Жергиликтуу калкты туруктуу жер-жемиштер менен камсыз кылуу зарылчылыгы чыгып келген.

«Карагат +» долбоорунун Кунөскана компоненти алкагында жер-жемиштерди Кунөскана шартында интенсивдүү өстүрүү аркылуу Ысык-Көл облусунун калкынын тамак-аш коопсуздугун жогорулатууга көмөктөшүү иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл областынын жергиликтүү калкын Кунөскананы куруу, жашылча жемиштерди Кунөскананын ичинде өстүрүүгө үйрөтүү максатында төмөндөгү айылдарда жайгашкан кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттүк окуу курстары отүп жатат. Окуу курстарына Ысык-Көлдун фермерлери жана кызыккан тараптары келип окууга толук мүмкүнчүлтөрү бар. Курстар акы төлөнүп окутулат. Окуучулар лицейлерде курулган демонстрациондук Кунөсканаларда практикалык иштөө мүмкүнчүлүгүно ээ болушат.

Окуу курстары жана Кунөсканалар инновациялар менен толукталган. Айта кетсек, кыска мөөнөттүк окуу курстары модулдук ыкма менен окутулат, Кунөсканаларда тамырга тамчылатып сугаруу системасы колдонулат.

 

Кесиптик лицейлердин байланыш даректери:


’ Ананьево №82 лицей – 0551680677;

’ Туп Билим борбору – 0773803477

’ Барскоон №55 лицей - 0771383003;

’ Бөкөнбаево №81 лицей - 0773847658;

Ошондой эле, фермерлер окуу курстарын аяктагандан кийин Жети-Огүз, Тон жана Балыкчы Финанс микро кредиттик агенттиктери аркылуу Кунөскананы курууга төмөндөтулгөн пайыз менен каражат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эскертип кетчу нерсе, компонент жаны башталгандыктан 2013 жылы кредит берүү саны чектелген. 2013 жылынын натыйжаларынын негизинде кийинки жылдарга карата фермерлерге берчу микрокредит саны көбөйөт.

 

Кунөскана куруу учун кредитинин фермерге талаптары:


’ Лицейлерде Кунөскана кыска мөөнөттүк курсун аяктоосу (сертификат);

’ Ысык-Көл областынын айыл тургуну;

’ Кош каржылоо;

’ Төлөө мүмкүнчүлүгү;

’ Көлөмдүү бизнес план;