Компоненттер
"КАРАГАТ+" программасы жергиликтүү калктын социалдык жана экономикалык жакырчылыктан чыгуусуна көмөк көрсөтүү максатынды Ысык-Көл аймагында мөмө-жемиш секторуна байланыштуу төмөндөгү компоненттерди ишке ашырууну көздөйт:
1. Ысык-Көл облусунда питомниктерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, питомниктерди базар шартына ылайыкташтыруу.
Питомниктерде көп түшүм бере турган көчөттөрдун санын көбөйтүү жана ал көчөттөрдүн фермерлер үчүн ынгай баада сатылышын көзөмөлдөө;
2. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн дыйкандар арасында тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу.
Ысык-Көл жергесинде тамчылатып сугаруу системасын үйрөтүү менен сууну үнөмдүү пайдаланууга жана суу аз жайгашкан жерлерде түшүм алууга мүмкүн экендигин пропагандалоо;
3. Дыйкандарды мөмө-жемиш өстүрүү боюнча жергиликтүү кесиптик окуу жайларында окутуу.
Мөмө-жемиштерди өстурүүгө жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга үйрөтүү менен дыйкандардын кирешелеринин жогорулашына көмөк көрсөтүү;
4. Наркына кошулган баа чынжырча системасын жакшыртуу.
Айыл жерлеринде дыйкандардан түзүлгөн атайын топторду уюштуруу, мөмө-жемиштерди кабыл алуучу жайларды ачуу. Дыйкандар, алып сатуучулар жана кайра иштетүүчүлөр ортосундагы байланышты ынгайлаштыруу;
5. Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиш сактоочу жайларды куруу.
Дыйкандардын мөмө-жемиштеринин баасын туруктуу тутуу максатында Ысык-Көл аймагында тандалып алынган айыл жерлеринде дыйкандар менен биргелешип каржылоонун негизинде сактоочу жайларды куруу;